Кыргызстанда бүгүнтөн тарта 24 саат бою жаңылык берген канал иштей баштайт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелеалыпбаруучу. Архив
Телеалыпбаруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ачылган каналдын башкы продюсери болуп Жылдыз Жумабекова дайындалды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 24 саат бою жаңылык берген "Ала-Тоо 24" каналы  иштей баштарын КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Twitter социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, канал саат 14.00дөн тарта эфирге чыгат.

Жаңы ачылган каналдын башкы продюсери болуп Жылдыз Жумабекова дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0