Курман айтта өлкө боюнча жаан жаашы мүмкүн

Жазылуу
12-сентябрдан тарта республика боюнча аба ырайы кескин өзгөрөрүн Кыргызгидромет эскертти.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Өлкө аймагында 12-14-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25 градуска, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 18 градус жылуу болуп, тоолуу райондордо 0…5 градуска чейин чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми 12-14-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0