Шашылыш билдирүү! ӨКМ күн сууктай турганын кабарлады

Жазылуу
Синоптиктер тоолуу райондордо 0…5 градуска чейин төмөндөшү күтүлөрүн билдирген.

БИШКЕК, 9-сен.— Sputnik. Өлкөдө 12-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ билдирди.

Суу алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө сел жүрүп тургундар суусуз калды
Мындай аба ырайы 12-14-сентябрга болжолдонууда. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында кескин түшүп, 20…25 жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18 градус, ал эми тоолуу райондордо 0…5 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0