Эртең өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тоолуу аймактары. Архив
Кыргызстандын тоолуу аймактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Эртең, 7-сентябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, күндүз кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында күн 32 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 33 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көлдө — 25, Нарында 26 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0