Президент Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРКыргыз Республикасынын желегин түшүрүү. Архив
Кыргыз Республикасынын желегин түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү мамлекеттик туулар түшүрүлүп, оюн-зоок иш-чаралары токтотулат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 29-августту жалпы Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 28-август күнү кол койгон Жарлыкка ылайык, аза күтүү ишемби күнү Москвадагы өрттөн каза болгондорго жана Бишкек — Ош кан жолунда жол кырсыгынан көз жумгандарга карата жарыяланууда.

"Бир күндө эки ири кырсык болуп, 25 мекендешибизден айрылдык. Учурда мамлекеттик органдар көз жумгандар менен жабыркагандардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча аракеттерди көрүүдө. Адам өмүрүн алган кырсыктардын чоо-жайын иликтөө боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылат Жарлыкта.

Мындан улам анда 29-августту Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланып, өлкө аймагы менен чет жактагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик тууларды түшүрүү каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0