Эмне эксең ошону аласың. Кыргыз фермерлери кайсы азык-түлүккө басым жасашты?

© Sputnik / Мария Сибирякова / Медиабанкка өтүүКызылча. Архив
Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет кыргыз фермерлери быйылкы жазда эмне айдагандарын ичмектеп билди. Жыйынтыгында быйыл кожейкелер бир топ банка кыям жабары белгилүү болуп калды окшойт. Фермерлер бул жылы кант кызылчасын көп айдашыптыр.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет 2016-жылы фермерлер айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн кайсынысына басым жасашканын сурамжылаган. Алардын чыгарган жыйынтыгынын негизинде Sputnik агенттиги быйылкы сезондо суроо-талап жогору жана төмөн болгон айрым азык-түлүктөрдү тизмектеди. 

Суроо-талап жогору болгон азык-түлүктөр:

Работа тепличного комбината в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Күз жакындаса да помидордун баасы эмнеге түшпөйт?
"Алтынды" кант кызылчасы алды. Бул жылы былтыркыдан эки эсе көп айдалган. Ал эми беш жыл мурунку эсеп боюнча 11 миң гектар жерге көбүрөөк айдалган. Бул — Бишкек шаары ээлеген аянттын азыраагы. 

Экинчи орунга пахта чыкты. Былтыр 14 гектар жер аянтына айдалса, быйыл 16,6 миң гектарга көбөйгөн. 

Үчүнчү орунга малга азык болуучу чөп азыктары озду. Ал 355 гектар жер аянтына айдалган. Бул — Москва шаарынын жарымындай жер аянтын ээлейт дегенди билдирет. 

Ал эми суроо-талабы төмөн азыктарга төмөнкүлөр кирди:

Биринчи орунду тамеки эч кимге берген эмес. Быйыл былтыркыдан үч эсе аз айдалган. Болгону 200 гектар. Бул — эки "Дордойду" бириктирген аянт болот.

Экинчи орунга жүгөрү, күнкарама сыяктуу май чыгара турган өсүмдүктөр чыккан. Булар быйыл 11 пайызга аз айдалган. Былтыр 38 гектар жерге айдалган болсо, быйыл 43 гектар жерди ээлеген. Ошондой эле дан азыктары дагы 3 пайызга аз айдалган. 2016-жылы буудай, кара буудай, сулу 560 гектар айдоо аянтын түзгөн. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 577 гектар айдоо аянтын түзгөн эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0