Өкмөт башчы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тапшырмаларды берди

Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө көңүлдү электр тармагына бурду.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды бергендигин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, күз-кыш мезгилине биринчи кезекте отун сатып алуу, энергетика жабдууларын оңдоо иштерин жүргүзүү, Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмдө топтолушун камсыз кылуу керек.

"Жээнбеков Улуттук энергохолдинг компаниясына жакынкы аралыкта электр жабдууларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча өкмөткө тийиштүү сунуш киргизүүсүн тапшырды. Мындан сырткары, тиешелүү жетекчилерге ар кыл тапшырмалар коюлду", — деп айтылат маалыматта. 

Премьер-министр электр энергиясын керектөөнүн чегин сактоо, электр энергиясын колдонуудагы жоготуунун деңгээлин азайтуу боюнча иштер электр түйүндөрү тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынышы керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0