Министрлик: мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестат менен кошо кесиптик билимге да ээ болот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКондитер. Архивное фото
Кондитер. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор боюнча 100 мектеп тандалып алынган. Кийинчеээк демилге бүтүндөй өлкөгө жайылат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өлкө аймагындагы 100 мектептин бүтүрүүчүлөрү аттестат менен кошо кесиптик билим тууралуу сертификат да алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Пилоттук долбоорго ылайык, жети облус боюнча 100 мектеп тандалып алынган. Кийинчерээк демилге бүтүндөй өлкөгө жайылат.

"Тандалып алган мектеп окуучулары окуу программасынан сырткары офис-менеджер, кондитер, тигүүчү, куруучу жана башка кесиптер боюнча билим алышат. Окуу программасы 15-сентябрдан тартып 15-майга чейин уланат", — деп айтылат маалыматта.

Окуучулар кесип түрүн өздөрү тандап, аягында атайын сертификаттарды алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0