Министрлик: Кыргызстанда эмгек коопсуздугун сактоочу программа ишке кирет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖумушчунун баш кийими. Архив
Жумушчунун баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча 2015-жылы эмгек боюнча мыйзамдардын бузулган 4,6 миң учур катталган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эмгек коопсуздугун сактоого багытталган программа 2017-2022-жылдары ишке кирет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлкөдө өрт жана жолдогу коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан иштеп жаткан жарандар жабыркаган учурлар арбып кеткен.

"Бардык эле өндүрүштөр өрт жана жолдун коопсуздук эрежелерине орчундуу көңүл бурушпайт. Мисалы, 2015-жылы коопсуздуктун шарттары сакталбагандыктан 159 киши жабыркаган. Тилекке каршы, алардын 38 пайызы трагедиялуу окуя менен аяктаган", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча 2015-жылы эмгек боюнча мыйзамдардын бузулган 4,6 миң учур катталган. Буга байланыштуу ведомстволор аралык жумушчу топко бир жуманын ичинде жаңы иштелип чыккан программага кошумчалоо, толуктоолорду киргизүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0