Кыргызстанда биринчи жолу боорун алмаштырган аял көз жарды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив
Төрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык дүйнөгө келген ымыркайдын салмагы 2,6 килограмм болуп, ден-соолугу чың төрөлгөн.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу боорун алмаштырган аял көз жарганын Саламаттык сактоо министрилиги билдирди. 

Кубанычтуу окуя Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 3-август күнү болгон. Жаңы наристелүү болгон эне бир жыл мурун Индиядан боорун алмаштырып келген. 

"Ымыркай операция жолу менен жарык дүйнөгө келди. Анын салмагы 2,6 килограмм, бою 49 сантиметр экен. Эне менен баланын ден-соолугу жакшы", — деп айтылат маалыматта. 

Дарыгерлер боорун алмаштырган аялдын төрөшү Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатканын баса белгилешти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0