Октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 611 сомго көбөйөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПенсионер. Архив
Пенсионер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 5 173 сом болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсия көбөйө турганын Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолукканда айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин айтымында, пенсия 611 сомго көбөйүп, орточо көлөмү 5 173 сомду түзөт.

Өлкө башчысы мамлекеттин коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин сапаттуу аткаруу керектигин белгиледи.

"Ардагерлерге кам көрүү мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшы пенсия төлөп берүү керек", — дейт Атамбаев.

Президент ошондой эле пенсия системасында жүргүзүлүп жаткан реформа социалдык фондго чын дилинен төлөп жаткан жарандарга карата ийкемдүү болушу керектигин белгилеп, аларды татыктуу пенсия менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0