Коргоо комитети аскер кызматын өтөөчүлөрдү өлкөдөн чыгууга тыюу салууну демилгелөөдө

Жазылуу
Коргоо комитети учурдагы миграциялык абал жарандарды шашылыш аскерге чакырууга бөгөт коюп жаткандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекеттик коргоо комитети аскерге чакырыла турган жарандарды тышка чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун сунуштап жатат. Документ коомдук талкууга коюлду. 

Долбоордун негиздемесинде аскерге бара турган жарандар башка аймактарга же өлкөлөргө иштеп кетип калып жатышат. Буга байланыштуу токтом долбоордо Кыргызстандан сыртка чыгуу чектөөлөрүнүн механизмдери көрсөтүлгөн. 

Документтин алкагында аскердик милдетти аткаруу мөөнөтүн узартпастан, чет жакка чыгып кеткендердин тизмесин аныктоо сунушталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0