Соттор киреше-чыгашасы тууралуу айтып турууга милдеттендирилди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТаразада турган оюнчук автоунаа. Архив
Таразада турган оюнчук автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чаралар сот системасындагы коррупциянын алдын алууга багытталган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Соттор жана сот кызматына талапкерлер мүлкүн, киреше-чыгашасы декларациялоого милдеттендирилди. Тийиштүү конституциялык мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын министирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация: министрлердин бай-кедейи ким?
Мыйзам "Саясий, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеген жарандардын мүлкүн, киреше-чыгашасын декларациялоо жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 

Мындай чаралар сот системасындагы коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу куралы болуп, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын коррупция менен биргеликте күрөшүү аракетин шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0