Кыргызстан стратегиялык жолдорун бириктирүүнү көздөйт

Жазылуу
Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолун Арал — Кочкор — Суусамыр аркылуу байланышмакчы.

САРЫ-ОЙ, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык өнүгүү банкы менен Арал — Кочкор — Суусамыр жолун реабилитациялоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Серик Примбетов билдирди.

Транспорт жана жол министри буга чейин билдиргендей, аталган трасса Түндүк — Түштүк жолуна кошулуп, Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдорунун ортосундагы байланышты камсыздайт.

"Учурда 20 жылдык мөөнөт менен 80 миллион сом жеңилдетилген насыя тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат", — деди Примбетов.

Мындан тышкары, ал Жалал-Абад — Маданият жолун реабилитациялоо тууралуу макулдашуу бар экенин, анын суммасы 60 миллион сомду түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0