Кыргызстан терроризмди каржылоо тобокелчилиги боюнча 60-орунда турат

Жазылуу
Базель башкаруу институтунун аналитиктери дүйнөнүн 149 өлкөсүндө бул коркунучту иликтеп көрүшкөн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстан каражатты чыгарып кетүү жана терроризмди каржылоо боюнча 60-орунга татыганын Basel AML Index 2016 рейтингинде айтылат. Ал Базель башкаруу институтунун өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн.

Адистер Кыргызстанды каражатты чыгарып кетүү жана терроризмди каржылоо боюнча орто тобокелчиликтеги өлкөлөрдүн катарына кошкон. Жалпысынан 149 мамлекеттеги коркунуч иликтенген.

Ала-Тоо борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек россиялык туристтер үчүн КМШдагы эң арзан шаар болуп калды
Рейтингге ылайык Кыргызстанга 6,21 балл берилген. Упайлар жогорулаган сайын ал мамлекеттеги терроризмди каржылоо коркунучу да ошончо жогору. Былтыр Кыргызстан 6,27 балл менен 56-орунду ээлеген. Бир жылда өлкөнүн көрсөткүчү төрт позицияга жакшырган.

Терроризмди каржылоо коркунучу жогору болгон үч мамлекет — Иран, Афганистан жана Тажикстан болду. Ал эми Казакстан 71-орунда (5,88 балл), Өзбекстан 101-орунда (5,1 балл).

Терроризмди каржылоо коркунучу дээрлик жок деген мамлекеттердин көч башында Финляндия, Литва жана Эстония мамлекеттери турат.

Базель институту мындай рейтингди 2012-жылдан бери түзүп келет. Адистер рейтингди түзүүдө ар бир өлкөнүн акчаны башка жакка чыгарып кетүүдөгү банк системасын, коррупциянын деңгээлин, мамлекеттик каржылоонун ачыктыгын, өлкөдөгү саясий кырдаал жана мыйзамдарды эске алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0