БУУнун электрондук өкмөт боюнча рейтингинде Кыргызстан 4 тепкичке көтөрүлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютеры. Архивное фото
Компьютеры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки рейтинг боюнча Кыргызстан 101-орунда турган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү (United Nations E-Government Survey 2016) боюнча БУУ рейтингинде 4 тепкичке көтөрүлдү. 

Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот
Бир жылда эки ирет чыгарылып турчу рейтингде Кыргызстан 97-орунга татыды. Буга чейин 101-орунду ээлеген. 

Аталган рейтинг өлкөлөрдүн электрондук өкмөтүнүн E-Government Development Index канчалык денгээлде телекомуникациялык инфраструктураны колдонушу менен иргелет. 

193 өлкө катышкан тизмектин сап башында Улуу Британия, экинчиде Австралия, ал эми үчүнчүдө Түштүк Корея турат. 

Россия 35, Казакстан 33, Өзбекстан 80-орундарга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0