Августта газдын баасы кымбаттайт

Жазылуу
Бул айда газдын 1 куб метрге болгон баасы карапайым калк үчүн 14 сом 27 тыйын болот.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Август айында көгүлтүр оттун баасы көтөрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. Ага ылайык, газдын 1 куб метрге болгон баасы карапайым калк үчүн 14 сом 27 тыйынды, ишканалар үчүн 17 сом 51 тыйынды түзөт.

Эскерте кетсек, июль айында газдын баасы карапайым калк үчүн 14, 18 сом, бюджеттик уюмдар, компаниялар үчүн 17,41 сом болгон. 

Ошентип көгүлтүр оттун баасы жарандар үчүн 9 тыйынга, ишканалар үчүн 10 тыйынга кымбаттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0