Кыргызстанда молдолор тарых, кыргыз тили, философия сабактарын окумай болушту

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМечеттеги мусулман. Архив
Мечеттеги мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доолбоорго ылайык, имамдар 18 айлык окуудан өтүшү керек.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) менен "Ыйман" дин маданиятын өнүктүрүү фондусунун ортосунда муфтияттын кызматкерлерин даярдоо институту боюнча гранттык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Долбоорго ылайык, өлкө аймагындагы имамдар 1,5 жылдык окуудан өтүшөт. Программада диний сабактардан сырткары, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили, мамлекеттик башкаруу, философия предметтери окутулат. 

Аталган иш-чара "Ыйман" фонду тарабынан каржыланып, терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган иш-чара болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0