Декларация: министрлердин бай-кедейи ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын министирлер. Архив
Кыргызстандын министирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кирешелер боюнча акыркы декларацияга ылайык, азыркы министрлердин көпчүлүгүндө маянадан сырткары кошумча киреше булагы жок.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик кадр кызматы министрлердин 2015-жылы тапшырган декларациясын жарыялады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги декларанттардын жылдык кирешесин карап чыгып, кайсыл министрдин кандай мүлкү жана байлыгы бар экенине кызыгып көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКаржы министри Адылбек Касымалиев
Министр финансов Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Каржы министри Адылбек Касымалиев

Каржы министри Адылбек Касымалиев 2015-жылы 1 миллион 395 миң сом киреше тапкан. Кызматынан башка жеке бизнеси, унаасы жана үйү жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министри Арзыбек Кожошев
Депутат Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Арзыбек Кожошев

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин дагы жеке турак үйү көрсөтүлгөн эмес. 2015-жылы жалпы 718 миң 878 сом 45 тыйын иштеп тапкан. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба министри Турдуназир Бекбоев
Министр сельского хозяйства, мелиорации и пищевой промышленности Турдуназир Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев

Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоевдин үй-жайы жок болгону менен ижарага алган беш гектар токой чарбасы бар. Жылдык кирешеси болгону 126 миң 680 сомду түзгөн. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов  - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бир жылда 734 миң 573 сом 33 тыйын киреше тапкан. Жеке турак үйү, унаасы, бизнеси жок. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБилим берүү министри Элвира Сариева
Присяга министров Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министри Элвира Сариева

Билим берүү министри Элвира Сариеванын жылдык кирешеси 371 миң 958 сом 93 тыйынды түзгөн. Анын батири жок болгону менен дачасы участогу менен бар, жалпы аянты 724 чарчы метрге жетет. Мындан башка 2002-жылы чыккан Honda CRV үлгүсүндөгү авто унаасы бар. 

Үй жайлуу министрлер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Министр иностранных дел Эрлан Абдылдаев  - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин 164 чарчы метрлик батири менен 35 чарчы метрдик дача үйүнө ээлик кылат. Ал эми жылдык кирешеси 971 миң 138 сом 98 тыйынды түзгөн. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЮстиция министри Жылдыз Мамбеталиева
Министр юстиции Жылдыз Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева

Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын 94,10 чарчы метрлик батири бар. Жеке ишкердик менен алектенбейт. Унаасы дагы жок. 2015-жылы 821 миң 084 сом 87 тыйын тапкан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев
Министр здравоохранения Талантбек Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин 235,70 чарчы метрлик жер үйү менен батири бар. Бирок декларацияда батирдин аянты көрсөтүлгөн эмес. Ал эми жылдык кирешеси 423 миң 405 сом 01 тыйынды түзгөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият министри Алтынбек Максутов
Министр культуры Алтынбек Максутов. - Sputnik Кыргызстан
Маданият министри Алтынбек Максутов

Маданият министри Алтынбек Максутов 20 сотых жер тилкеси менен жер үйгө жана 3,5 гектар жерге ээлик кылат. Жылдык кирешеси — 462 миң 601сом 13 тыйын. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЭмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев
Присяга министров Кыргызстана  - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин 78,20 чарчы метрлик батири, 2000-жылы чыккан Mersedes үлгүсүндөгү унаасы жана 15 чарчы метр аянттагы унаа койчу жайы бар. Анын жылдык кирешеси 588 миң 153 сом 58 тыйынды түзгөн. 

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Белгилей кетсек, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров буга чейин башка кызматта болушкандыктан алардын декларациясы жарыяланган эмес.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров
Министр транспорта и дорог Замирбек Айдаров - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров
Жаңылыктар түрмөгү
0