Өкмөт: "Жеткиликтүү турак жай" боюнча мамлекеттик бир гана компания иштеп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСкворечник. Архив
Скворечник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо боюнча биргелешкен келишимге келишимге Кытай тарап менен кол коет деген маалыматты четке какты.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Өкмөт "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын ишке ашыруучу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан" башка эч кандай компания түзгөн эмес. Мындай маалыматты бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Өкмөттүн мындай билдирүү таратышына ипотека боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн Кытайдан инвестролорду тартып, алар менен келишим түзүүгө ниеттенип жатат деген маалымат себепкер болгон.

"Интернет мейкиндигинде турак-жай курулуш кооперативи (ТКК) коалициясынын катышуусундагы маалымат жыйындан тартылган видео таркатылган. Анда жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо боюнча КР өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу үчүн Кытайдан инвесторлорду тартуу боюнча кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюу ниети тууралуу маалымдалат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана өлкө жарандарын жаңылышууга алып барууда деп билдиребиз", — деп айтылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеткиликтүү турак жай программасынын алкагында 31 мугалим үйлүү болду
"Өкмөттүн учурда иштеп жаткан "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын 2015-жылдын декабрында түптөлгөн "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ишке ашырууда. Бул максатта өкмөт башка эч кандай компанияларды түзгөн эмес", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Жакында эле "Жеткиликтүү турак жай" программасы менен жүзүнчү жаранга ипотекалык насыя берилгенин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын маалымат кызматы кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0