Ангела Меркель муфтий менен да жолукмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архвиное фото
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архвиное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун алкагында диний темадагы маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууга чакыруу алды. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтына жарыяланды. 

Маалыматка караганда жолугушуунун датасы 14-июлга белгиленген. 

"Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Шольц муфтий Максатбек ажы Токтомушевди Ангела Меркель менен жолугушууга чакырды", — деп айтылат маалыматта. 

"Этникалар аралык мамилелер" аталышындагы жыйналышка өлкө муфтийи, серепчилер жана диаспора өкүлдөрү чакырылган. Анда диний темадагы маселелер талкууланат. 

Аазирети муфтий жыйынга катыша турганын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0