Кыргызстанда 24 саат бою жаңылык көрсөткөн канал ишке кирет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелестудия. Архив
Телестудия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жаңылык каналы КТРКнын өздүк каражаттарына ишке ашып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда август айынын аягында 24 саат бою иштеген "Ала-Тоо 24" телеканалы ишке кирерин КТРК билдирди.

КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
КТРК жетекчиси: жумушумдан улам, туугандарымдан чыга турган болдум
Маалыматка ылайык, канал кыргыз жана орус тилинде жаңылыктарды берип турат. Мындан тышкары, англис тилинде чыгаруу жагы да каралууда. Учурда канал жайгаша турган имарат оңдолууда. Ал мурда "Замана" студиясы жайгашкан имаратта болот.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Кыргызстандын тарыхында 24 саат бою көрсөтө турган канал биринчи жолу ачылып жатканын белгиледи.

"Буга чейин 24 саат бою жаңылык беребиз деп эч ким аракет кылган эмес. Буга КТРКнын гана алы жетет деп ойлойм", — дейт ал.

Карыпбеков жаңылык каналы КТРКнын өздүк каражаттарына ишке ашып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0