Бишкекте 500 дарыгерге айлыгынан тыш кошумча акы берилмей болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын мэриясынын токтом долбоору шаардык кеңеш тарабынан колдоого алынды.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Бишкектин 477 дарыгери айлыгынан тышкары кошумча 4000 сомдон аларын мэрия билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент: дарыгерлерди элет жеринде кармап калууга болгон күчтү жумшоо керек
Кошумча төлөм Тез жардам кызматынын дарыгерлерине, педиатрларга, неонатолог, реаниматолог жана анестезиологдорго берилмекчи. Бул максатка шаардык бюджеттен 9 миллион 170 миң сом бөлүнгөн.

Бишкектин мэриясы шаардык кеңештин кароосуна "Тез жардам станция жумушчусунун депозити" жана "Педиатр-дарыгердин депозити" токтом долбоорлору коюлуп, колдоо тапкан. 

"Тез жардам кызматын пайдалангандардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Депозитке карабастан бул тармактан адистердин агымы да байкалууда. Иштен кетүүгө айлык акынын төмөндүгү (5000 сом), жумуштун оордугу жана акыркы кезде дарыгерлерге бейтаптар жана алардын туугандары тарабынан кол салуу фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми аталган депозит менен иштеп жаткан дарыгерлер келишим мөөнөтү аяктаганга чейин жумушун уланта берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0