Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында сел жүрүп, айрым жерлерде кар жаайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган адам. Архив
Кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 6-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн ӨКМ эскертет.

Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука районунда майып кишини сел агызып кетти
Ал эми эртең 7-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт, түштөн кийин ала булут каптап жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 

Ал эми дем алыш күндөрү 9-10-июлда күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0