БУУнун балдар укугу боюнча комитетинде КРдин өкүлү пайда болушу мүмкүн

© REUTERS / Eric ThayerФлаг Организации Объединенных Наций. Архивное фото
Флаг Организации Объединенных Наций. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан комитеттин мүчөлүгүнө "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондусунун жетекчиси Назгул Турдубекованын талапкерлигин сунуштады.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун Балдар укугу боюнча комитетинде биринчи жолу Кыргызстанда өкүлү пайда болушу мүмкүн. 

Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар боюнча департаменти Кыргызстандын атынан "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондусунун жетекчиси Назгул Турдубекованын талапкерлигин сунушталгандыгын тастыктады.

ЮНИСЕФтин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өлүмгө дуушар болгон наристелердин санын атады
Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маекте Турдубекова аны бир топ коомдук уюмдар айтып, ал эми өкмөт анын талапкерлигин БУУдагы шайлоолорго сунуштаган. Шайлоолор жума күнү Нью-Йорк шаарында болот. 

Анын айтымында, тогуз орунга БУУнун Башкы ассамблеясынын мүчө өлкөлөрүнөн 15 киши сунушталып жатат. 

"Менин мүмкүнчүлүгүм канчалык экендигин азырынча айта албайм. Бул биздин өлкө үчүн биринчи ирет болуп жаткандыктан, тажрыйбабыз азыраак. Мен үчүн да бул жаңы нерсе",— деди ал.

Турдубекова шайлоо учурунда адам укугун коргоо системасындагы тажрыйба жана талапкерлердин мамлекеттик кызматта иштебеши да эске алынаарын билдирди. Комитет мүчөлөрү эки жылга шайланат. 

Анын айтымында, комитет мүчөлөрүнүн милдети балдар укугунун корголушу боюнча мамлекеттик жана альтернативалык отчетторду угуп туруу экенин айтты. 

"Комитет мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет. Эки айда бирден Женевадагы сессияга барып, отчетторду угуп жана өлкө үчүн сунуштарды даярдап турат", — деди ал. 

Турдубекова шайлоонун жыйынтыгы эртең белгилүү болуп каларын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0