ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өлүмгө дуушар болгон наристелердин санын атады

Жазылуу
Өлкөдөгү төрт баланын бири гана мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Кыргызстанда беш жашка чейинки миң наристенин 21и өлүмгө дуушар болорун ЮНИСЕФтин жылдык докладында айтылат.

Маалыматка ылайык, республика наристелердин өлүмү боюнча 193 мамлекеттин ичинен 89-орунда туруп, балдардын 13 пайызы чала тоют болуп жүрөт. Докладда бул жакырчылыктын белгиси экени айтылат.

"Кыргызстанда эмгекке тартылган балдардын саны 26 пайызды түзөт. 14 жашка чейинки балдардын 57 пайыздан ашууну зордук-зомбулукка кабылат", — деп жазылат билдирүүдө.

Уюмдун докладында өлкөдөгү төрт баланын бири гана мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени айтылат. Бул Борбордук жана Чыгыш Европа менен КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу 2,5 эсеге аз.

Мындан тышкары, 18 жашка чейинки кыздардын 12 пайызы турмушта экени, ал эми 100 өспүрүмдүн 28ине гана Интернет жеткиликтүү экени белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0