ЕАЭБ эксперттери Кыргызстандын ветеринария кызматын текшерүүгө алат

© Sputnik / Александр КондратюкЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара учурунда адистер чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү, өлкө ичиндеги лабораториялардын абалын текшерет.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин эксперттери 11-июль күнү Кыргызстанга келип, Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү менен таанышат. Бул тууралуу аталган биримдиктин маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чара учурунда адистер чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү, өлкө ичиндеги лабораториялардын абалын текшерүүгө алышат. 

"Текшерүү учурунда адистер Кыргызстанда болуп жаткан ветеринария жаатындагы реформалар менен таанышат", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары, реформага ылайык мал доктурлардын статусун жогорулатуу каралууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0