Парламент 3374 кишиге мунапыс берүү сунушун үчүнчү окууда жактырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТүрмөдөгү кишилер. Архив
Түрмөдөгү кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунапыс берүү Үркүндүн 100 жана Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу демилгеленген.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Үркүндүн 100 жана Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо демилгеси үчүнчү окууда колдоо тапты. 

Аялдар колониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: учетто турган 476 жаранга мунапыс берилди
Демилгеге ылайык, 3374 адам мунапыска илинет. Анын ичинде 11 эрезеге жетелек бала, 10 майып бар. Мындан сырткары, 1267 адам — анчалык оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор, 1862 адам — биринчи жолу өтө оор эмес кылмыш жасагандар.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Жээнчороев, Чолпон Султанбекова, Айбек Алтынбеков, Мирлан Бакировдор демилгелешкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 25 жыл аралыгында 19 мунапыс кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0