08:58 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
22010

Күнөөсүз жоопко тартылгандардын арасында убактылуу кармоочу жайга отуруп чыккандары бар. Депутаттык комиссия Башкы прокуратура менен өкмөткө сунуштарын жибермей болду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандар боюнча комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. 

Аталган комиссиянын төрагасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаровдун айтымында, 2014-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз жоопко тартылган жарандардын саны 200дөн ашкан. 

"Бул жылдардын аралыгында 284 адам мыйзамсыз жоопко тартылганы белгилүү болду. Алардын арасында убактылуу кармоочу жайга камалгандар дагы бар", — деп билдирди Шайназаров.

Депутаттын айтымында, күнөөсүз жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тарткан тергөөчүлөр, прокурорлор өздөрү жоопко тартылуулары керек. 

"Мисалы сенин күнөөң жок болсо дагы, бирөөнү өлтүрдү деп камап койсо туура эмес да. Буга тергөөчүлөр менен прокурорлор жооптуу болушу керек. Мындай учурда жарандар моралдык жана материалдык чыгымды кайтаруу үчүн сотко кайрылышса болот", — деп билдирди Шайназаров. 

Депутат аталган калпыстыктарды иликтөөгө алган депутаттык комиссия сунуштарын Башкы прокуратура менен өкмөткө жиберишкенин кошумчалады.

Тема боюнча

ЖКда Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү демилгеси колдоо тапты
Сузак: мечиттин имамы 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен кармалды
Белгилер:
комиссия, күнөө, кылмыш, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ