Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКадыр түндө мусулмандар. Архив
Кадыр түндө мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыр түндө Кыргызстандагы бардык мечиттерде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистери айтылат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Быйыл Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттан билдирди.

Кадыр түнүн тосуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр түндү кантип туура өткөрүү керек
Бул түнү Кыргызстандагы бардык мечиттерде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистери айтылат. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде да Кадыр түн тосулат.

"Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга туш келет. Ал эми Курман айт 12-сентябрда белгиленет", — деп айтылат маалыматта.

Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан караңыздар.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0