Өзүм дегенге өгүздөй күчүм бар: депутаттар кызматтык үйдөн чыгууга караманча каршы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАчкыч. Архив
Ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралып, учурда кызматтык батирде жашап жаткан депутаттар кескин сын айтышты.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутаттар кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдирди. 

Мыйзам долбоорун "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттары жазып чыккан. Ага ылайык, депутаттар кызматтык батирден баш тартуусу керек. 

Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева бул мыйзам долбоору парламентке тек гана олигархтарды алып келет деген ойдо. 

"2010-жылы өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болгон. Жаңы конституцияда каалагандар 21 жаштан баштап депутат боло алат деген өзгөрүүлөр кирди. Анын арты менен парламентке жаңы, жаш депутаттар келген. Алар коррупцияга малынган эмес. Жөнөкөй жарандар. Ошолорду ойлойлу", — деди Алтыбаева. 

Ал эми депутат Мирлан Бакиров кызматтык унааларды алуунун, жардамчыларды кыскартуунун арты менен өзгөрүүлөр деле болгон жок деген пикирин айтты.

"Кызматтык унаалар менен бирден жардамчылардан баш тарттык эле, андан 60 миллион сом үнөмдөлдү деген маалыматтар бар. Ал акчалар кайда кетти? Ал эми кызматтык унаалар башка мекемелерге берилген. Ал жактан деле бензинге, айдоочуларга чыгым кетүүдө. Кызматтык үйлөрдү, пансионаттарды жоебуз дегендерге каршымын", — деди Бакиров.

Ал эми Исхак Масалиев "эл өкүлдөрүнүн депутат деген эле аты калышы керек, калганын баарын алгыла" деп какшыктап өттү.

Депутат Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров аскер кызматкерлеринин үйлөрдү менчиктештирүүсүнө каршы чыкты
Буга чейин аталган мыйзам долбоорго Жанар Акаев каршы чыгып, "РАЖ" фракциясынын депутаттарына шайлоо убагында убада берерде ойлонуу керек эле деген пикирин айткан. 

Ал ортодо демилгечилердин бири Кенжебек Бокоев шайлоо алдында кызматтык батирден, унаалардан жана бирден жардамчылардан баш тартуу боюнча меморандумга төрт партия кол коюп, Жанар Акаев мандат алган КСДП партиясы да оозеки колдоого алганын айтып, болгону ошол меморандумду мыйзамдаштырып коюу керектигин айткан.

Бокоев учурда алтынчы чакырылыштагы 13 депутат кызматтык батир алса, үч депутат бешинчи чакырылыштан бери жашап келерин белгиледи. Алардын арасында мыйзам долбооруна каршы чыккан Айнуру Алтыбаева, Жанар Акаев, Мирлан Бакировдор бар. 

Мыйзам долбоору кызуу талкуудан соң добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0