06:37 18 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8467
  • EUR77.4635
  • RUB1.0911
Компьюдердик оюн боюнча турнирдин катышуучулары. Архив

Кыргызстанда Counter Strike жана Dota оюндары боюнча федерация пайда болду

© Sputnik / Александр Демьянчук
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Касенов үч багыт боюнча ар бири 17 кишиден турган үч команда түзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Киберспорт боюнча федерация түзүлгөнүн "Спорттук курулуштар жана спорттук жабдуу" мамлекеттик ишканасынын директору Эдил Касенов билдирди.

Анын айтымында, бир ай мурун коомдук уюм аталган федерацияны Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн. Киберспорт федерациясы Dota, Counter Strike жана World of Tanks сыяктуу үч оюнду камтыйт.

"Бүгүнкү күндө киберспорт Олимпиада оюндарынан да популярдуу болуп бара жатат. Дүйнө жүзү боюнча бул оюнга 150дөн 200 миллионго чейинки киши кызыгат. Түштүк Корея бул оюнду олимпиадалык түргө киргизди. Биз дагы бул спорттун түрүн Кыргызстанга жайылталы деп жатабыз", — деди Касенов.

Ал аталган үч багыт боюнча ар бири 17 кишиден турган үч команда түзүлөрүн белгиледи. Оюнчулар үчүн атайын машыга турган штаб түзүлмөкчү.

"Бул үчүн бюджеттин акча каралган эмес. Баарын өз чөнтөгүбүздөн чыгарып жатабыз. Федерацияны мен жетектейм, штатта дагы төрт киши бар", — деди Касенов. 

Аккредитациядан өтүү боюнча арыз Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекция жана Улуттук олимпиада комитетине берилген. Касенов октябрь айында Кыргызстанда ири турнир өткөрүү пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Мониторингге ылайык, Кыргызстанда компьютер оюндарын 7-8 миң адам ойноп келет.

Тема боюнча

Илимпоздор: компьютер оюндары жүрөк оорусун күчөтүп, кант диабетин пайда кылат
Улуттук олимпиада комитетин Саламат Эргешов жетектеди
Белгилер:
киберспорт, компьютердик оюн, Эдил Касенов

ЭҢ МААНИЛҮҮ