Жаңы унаа номерлери тездик менен сатылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги автоунаалар. Архив
Бишкектеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер 1-июндан баштап сатыла баштаган.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Үч күн ичинде жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номердин 2252 комплектиси сатылганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Буга чейин 1069 номер берилип, рекорддук деңгээлде сатылганы айтылган. Салыштыруу үчүн айтсак, ага чейин бир күндө болжол менен 170 номер сатылып келген.

Каттоо кызматы бюджетке бир миллион сомдон ашуун таза киреше түшкөнүн маалымдап, күнүнө 750 комплектиден берилип жатканын кошумчалады.

Жаңы номерлерди сатуу боюнча алдыңкы үч сапта Бишкек шаары (1112), Чүй облусу (316) жана Ош облусу (311) турат.

Жаңы үлгүдөгү номерлердин бир комплектиси банк кызматы жана бланкалары менен чогуу 1000 сомдон айланууда. 

Июндун аяк ченинде өзгөчө комбинациядагы мамлекеттик номерлердин аукционун өткөрүү пландаштырылууда. Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер 1-июндан баштап сатыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0