Кызыл чеке кылган кыргыз тили. Болочок президенттердин тагдырын тест чечип калабы?

Жазылуу
Эл өкүлү Жээнчороевдин президенттикке талапкерлер Улуттук тил комиссиясына кыргыз тили боюнча экзамен тапшырбашы керек деген сунушу кызуу талкууга жем таштап, эл өкүлүнө карата бир топ терс маанидеги сөздөр айтылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган демилгенин күңгөй-тескейине кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев президенттикке талапкер болгондордун кыргыз тилин билүү деңгээлин Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы 12 кишиден турган топ эмес, системалуу тест аныкташы керектигин демилгелеген.

Эл өкүлү Конституцияда өлкө башчысы болом деген киши кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экени жазылганын айтып, демилгечилер БШКнын алдындагы атайын топко каршы чыгып жатканын белгиледи.

"Кыргыз тилин билүү керек деген берене Конституцияда бар, аны эч ким ала албайт. Биз болгону БШКнын алдындагы атайын топ саясый куралга айланбасын деп жатабыз. Чакан гана кишилердин тобу талапкерлердин тагдырын чечип коюп жатат. Андай болбош керек. Кыргыз тилин билет, билбейт деген чечим жалпы система менен, мисалы Кыргызтест сыяктуу сынактар менен аныкталышы керек", — дейт ал. 

Жээнчороев учурда мындай демилге жаңы көтөрүлүп жатканын айтып, мыйзам долбоору даярдалып жатканда коомчулуктун жана башка тийиштүү тараптардын пикири дагы эске алынып, коомдук талкууга коюларын баса белгиледи.

Эл өкүлү Дастан Бекешов кесиптешин колдоого алып, компьютерди алдоо мүмкүн эмес экенин айтат. 

"Мен бул демилгени колдойм. Бизде кыргыз тест деген иштелип чыкпадыбы, ошону эле атайын талапкерлер үчүн түзүү зарыл. Компьютерди алдоо мүмкүн эмес да. Андыктан ал калыс жыйынтык берет. БШКнын алдындагы Тил комиссиясы саясий курмандык болуп кетти дегенге кошулбайм, бирок компьютердик тест кылган туура болот", — деди Бекешов. 

Экс-депутат Исмаил Исаков компьютердик тест учурунда талапкердин сүйлөө кебин билүүгө мүмкүн болбой каларын айтып, саясий курмандыкты жоюунун башка жолун сунуштады. 

Столдо отурган аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллионер болбосоң эс ал! Президенттикке талапкер болууга миллион керекпи?
"Өлкөнү башкарам деген инсан кыргыз тилди мыкты билиши керек. Талапкерлерден экзамен алынганы жакшы. Бирок тестке каршымын, себеби тест учурунда үндөрү чыкпай калат. Сүйлөшүү да маанилүү. Саясий курмандык дей бербей экинчи жагын караш керек. Жакшы балдарды тарбиялап, кошоматчыларды шыпыргы менен шыпыруу зарыл. Бийликтен көзкарандысыз жаштарды тарбияласак маселе өзү эле чечилет", — деди Исаков. 

Ал эми журналист, ЭлТр телеканалынын мурунку жетекчиси Шайырбек Абдрахман уулу демилгечи депутат келечекте президенттикке талапкер болчу партиялашына жол ачып жатат деп эсептейт. 

"Бул демилге "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутатына тиешелүү болгондуктан аталган фракциянын келечектеги президенттикке талапкер болчу партиялашына жол ачуу, ыңгайлык түзүү катары көрүнөт экен. Сунушка кайтып келчү болсок, БШКнын Тил комиссия түз эфирде сынак өткөргөндүктөн журналисттерди көбөйтүп, түз эфирди мыкты уюштуруу керек. Сынакты жогорку деңгээлде уюштурсак маселе чечилет", — деди журналист. 

Анткен менен укук коргоочу, бир канча ирет президенттикке талапкер болгон Токтайым Үмөталиева Тил комиссиясы талапкерлер үчүн акысыз жарнама деген ойдо. 

Конференцияда катышып аткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тили "орусча чыгып", кыргызчаны үйрөнүп кеткен атка минерлер
"БШКнын алдындагы Тил комиссиясы талапкерлерге акысыз жарнама болуп, мыкты экендигин далилдөөгө бир мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бирок ушуга окшогон көрүнүштөр талапкердин укугун бузат. Мен тестке толугу менен каршымын. Тестирлөө деп жүрүп балдардын билимин нөлгө түшүрдүк. Кыргыз тилин билбеген киши кантип өлкө башкармак эле? Анын тилди билер-билбеси дебат же эл менен жолугушуу учурунда эле билинип калат", — деди Үмөталиева. 

Ал ортодо КРдин президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов депутаттын демилгесин популисттик кадам деп атады. 

"Демилге түп тамырынан бери туура эмес. Ара чолодо чыгып калган ой-пикир деп айтаар элем. Бул сунуш кыргыздын табитине каршы келет. Тил комиссиясын саясий курмандык дегени да туура эмес. Президенттик кызмат мамлекеттеги эң чоң даражалуу орун. Андыктан атайын дасыккан адистердин элегинен өткөнү туура", — деди Эрматов. 

Ал улуттук комиссия тарабынан тестирлөө системасы иштелип чыкканын айтып, жакында бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча тест тапшырарын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, талапка ылайык президенттикке талапкерлер Тил комиссиясына үч этаптан турган сынак тапшырат. Биринчи этапта 30 мүнөт убакыттын ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө бериши керек, экинчи этапта шайлоо алдындагы программаларын оозеки баяндап берет. Ал эми үчүнчү этапта талапкерлер көркөм окуу сынагынан өтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0