БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы эки күн ичинде жаңы үлгүдөгү канча мамлекеттик номер сатылганын билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер 1-июндан тарта бериле баштаган.
"Жалпысынан 1069 комплект сатылган. Көбү Бишкек шаарында — 515 комплект сатылды. Экинчи орунда 218 номер менен Чүй облусу, үчүнчү орунда 119 номер саткан Ош облусу турат", — дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов.
"Бир жолу Мамлекеттик каттоо кызматы 210 номер берип, рекорд жаңылаган. Ал эми азыр күнүнө 500 комплект берилип жатат", — деди ал.
Жаңы мамлекеттик номерлерди алуу бардык чыгымдарды эске алганда 1000 сомдун тегерегинде болот. Эки күн ичинде бюджетке жарым миллион сом түштү.
Июнь айынын биринчи декадасында өзгөчө номерлерди сатып алууну каалагандар үчүн аукцион өткөрүү пландалууда.
Жаңы мамлекеттик номерлерде Кыргызстандын аймактары тамга эмес, сан менен белгиленген.
Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG болот.