ЖК Нейрохирургия борборун куруу үчүн 20 млн. доллар алууга уруксат берди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНейрохирург операция учурунда. Архив
Нейрохирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымына караганда насыя 26 жылга берилет. Ал эми курула турган борбордун аянты 12 миң чарчы метрди түзөт.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Бишкекте Нейрохирургия борборун куруу үчүн 20 млн. долларлык насыя келишимин III окууда ратификациялады. 

Келишим 2-июнда өткөн пленардык жыйында 107 депутаттын колдоосу менен кабыл алынды. 

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жыйын учурунда каражат Кувейт фонду тарабынан бөлүнөрүн билдирди. 

"Нейрохирургиялык борбору Улуттук госпиталдын аймагында курулат. Анда 108 орун болот. Берилген каражаттын 65 пайызы аппаратуралык жабдыктарды алууга жумшалат", — деп билдирди Батыралиев. 

Министрдин айтымына караганда насыя 26 жылга берилет. Ал эми курула турган борбордун аянты 12 миң чарчы метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0