Эртеңден баштап жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер бериле баштайт

Жазылуу
Номерлер "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын алдындагы атайын борбордо жасалат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июндан тарта автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык номерлер "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын алдындагы атайын борбордо жасалат.

Автоунаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлиги дипномерлердин наркын эки эсе арзандатууну сунуштап жатат
Жаңы мамлекеттик номерлерде Кыргызстандын аймактары тамга эмес, сан менен белгиленет.

Жеке номерлерде адаттагыдай тамга — төрт сан — тамга эмес, үч сан — үч тамга болот.

Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG болот.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев иш-чара учурунда заманбап үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүктөрүнүн бланкаларын көрсөтөт. 

Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлердин өзгөчөлүктөрү кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0