Эски үлгүдөгү паспорттор сентябрдан тарта жараксыз болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Кыргызстанда 10 миңге чукул жаран 1994-жылкы паспорт колдонуп жүрөт.

БИШКЕК, 30 мая — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта 1994-жылдагы эски үлгүдөгү паспортторду жараксыз деп таануу боюнча токтом даярдоодо. Бул тууралуу МКК билдирди. 

Бул демилге күзүндө жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого байланыштуу көтөрүлүүдө. 

Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматы: Түркияда кытай жарандарынан алынган паспорттор жасалма болуп чыкты
Өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоодо биометрикалык маалыматтарын тапшырып, ID-картасы барлар гана добуш бере алат. 

Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында өткөн шайлоодо 500дөн ашык жаран эски үлгүдөгү паспортунун айынан добуш берүүгө киргизилген эмес.

МККнын билдиришинче ушу тапта Кыргызстанда 10 миңге чукул жаран 1994-жылкы паспорт колдонуп жүрөт. Эски үлгүдөгү паспорттор Эл аралык жарандык авиациянын стандартына ылайык, 2015-жылдын 24-ноябрынан тарта учууга жараксыз деп табылган. 

Паспортторун акысыз алмаштыруу үчүн жарандар катталган жери боюнча паспорт столдоруна кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0