Депутат: алименттен баш тарткандар унаа айдай албай, насыя алууга жолу буулат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАкча кармаган бала. Архив
Акча кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорго ылайык алимент төлөөчү тарап бала 24 жашка чыкканча каралашууга милдеттүү болот.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров ата-энелерди балдарын 24 жашка чыкканча каржылоого милдеттендирүү боюнча мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койду. 

Депутаттын айтымында, бала мектепти бүткөндөн кийин өз ата-энесинен көз каранды эмес дегенди түшүндүрбөйт. 

"Сөз алимент төлөөчүлөр тууралуу болуп жатат. Бала атасынын колунда калса атасы, энесинин колунда калса энеси кыйналып калып жатат. Акчанын жоктугунан окуу жайга тапшыра албай, тапшырса да келишим акчасын төлөй албай калышууда", — деп билдирди Сабиров. 

Ал ар бир ата-эне баласынын алдында жоопкерчиликтүү болуусу керек экенин айтып, 18 жаштан кийин баласын карабай коюу туура эмес экенин айтты. Мыйзамды аткаруудан баш тарткандар чек арадан чыгарылбай турганын да кошумчалады. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: мугалимдин малга теңеши окуучу кызды өмүрүнө кол салууга түрткөн
Иштелип чыккан мыйзам долбоордо милдетин аткаруудан баш тарткандарга колдонулуучу чаралар дагы көрсөтүлгөн. 

"Баласын жогорку окуу жайга окутуудан баш тарткан ата-энелердин ысымдары Соттук департаменттин расмий сайтына карызкор катары катталат. Мындан тышкары, соттун чечими аркылуу транспорт каражаттарын башкарууга убактылуу чектөө коюлуп, банктардан насыя ала албайт", — деп мыйзам долбоордун негиздеме катында жазылган. 

Аталган мыйзам долбоорду үч баласы үчүн алимент алган Айнура Бектургунова (аты жөнү өзгөртүлдү) кош колдоп колдой турганын билдирди. 

"Жолдошум үч балам үчүн алимент төлөп турат. Ай сайын анын айлыгынын 50 пайызы (6 миң 500 сом) бизге которулат. Бул акча толук чыгымды жаппаса да пайдасы бар. Аталган мыйзам долбоорду колдойм, себеби балдар чоңойгон сайын талап дагы чоңоет. Аларды окутуш керек. Жалгыз эне үчүн бул оор болуп калат", — деп билдирди Бектурганова. 

Балдардын укугун жана кызыкчылыгын алдыга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын маалымат адиси Тагир Осмоналиев долбоорго каршы экенин билдирди. 

Диний китеп жана четка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм менен никелешүүгө тыюу салууга кайсы депутаттар каршы чыкты?
"Көп учурда ата-эне баласынын билим алуусуна шарт түзүүгө күчү жетпейт. Себеби өлкөдө айлык аз, окуунун баасы болсо асман чапчыйт. Бала окууга тапшырууну өзү чечип, ата-энесинин күчүнө карап окуусу зарыл. Анан эки миң долларлык окуу жайга барып "сот аркылуу силерди төлөтөм" десе ата-эне кайда барат?", — деп билдирди Осмоналиев. 

Ал өкмөт ар бир 18 жашка чыккан балага жумуш ордун түзүп берип, окуусунун келишимин өзү төлөй тургандай шарттарды түзүп берүүнү ойлонушу керек экенин белгиледи. 

Ал эми юрист Чынара Кекиликова азыркы мыйзамды иштетип алып анан 24 жаш боюнча ойлонуу керек экенин айтып өз пикирин ырастады. 

"Бизде алиментти өндүрүү процесси такыр жакшы каралган эмес. Бир дагы атанын алиментти түзүк төлөгөнүн көрө элекмин. Болгон мыйзамды иштетип, анан башкасын ойлонсок туура болмок. 24 жаш бул өтө эле чоң, балдарыбызды бузуп алышыбыз мүмкүн. Азыркы мыйзам боюнча деле алимент төлөгөн тарап баланын келишимин төлөйт", — деп билдирди юрист. 

Бирок психолог Асель Байымбетова замандын алмашканына жараша балдарга колдоо керек дейт. 

"Азыркы заманда балдар окуса иштей алышпайт, иштесе окуй алышпайт. Акчанын куну кеткен заманда жашап жатабыз. Ошон үчүн балдардын жакшы билим алуусун кааласак окууну бүткүчө жардам берүү керек", — деп билдирди Байымбетова. 

Анын айтымына караганда балдар 18 жашка толуп чоң адам катары кабыл алынганы менен билим алууда каржылык колдоого муктаж. 

Белгилей кетсек, мыйзам долбоор иштелип чыгып коомдук талкууга коюлду. Ал комитетте карала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0