Кыргызстанда балдардын жөлөк пулу эл аралык стандарттан 4 эсе аз төлөнөт

Жазылуу
Учурда өлкө боюнча балдардын үчтөн экиси жакыр жашоодо күн кечирет.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда балдарга төлөнүүчү жөлөк пул керектелчү суммадан төрт эсе аз төлөнөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЮНИСЕФтин социалдык программаларды ишке ашыруу программасынын жетекичиси Гүлсана Турусбекова билдирди.

Анын айтымында өлкө боюнча балдардын үчтөн экиси жакыр жашоодо күн кечирет.

"Балдардын жакырчылыгын жоюу үчүн жөлөк пулдар берилет. Кыргызстанда Ички дүң продукциясынын (ИДП) 0,5 пайызы төлөнөт. Ал эми эл аралык практикада эки пайыз берилет", — деди Турусбекова.

Ал эгерде ИДПнын эки пайызы төлөнсө балдардын жакырчылыгын жоюу ишке ашаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0