Өспүрүм менен никелешүүгө тыюу салууга кайсы депутаттар каршы чыкты?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДиний китеп жана четка. Архив
Диний китеп жана четка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар депутаттар жыйынга келбей туруп добуш беришкени маалым болду.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бейшемби күнкү жыйында өспүрүмдөр менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду четке кагышты. 

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Имамдар үчүн колдонмо китеп жарык көрдү
Долбоордо күнөөкөрлөрдү үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова баш болуп демилгеленген мыйзам долбоор депутаттар тарабынан колдоо таба алган жок. 44 депутат макул экендигин билдирсе, 61 эл өкүлү каршы добуш берген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги каршы чыккан бир катар депутаттар менен байланышып алардын пикирин угуп көрдү. 

Чийки мыйзам

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын эки депутаты Галина Скрипкина менен Марат Аманкулов мыйзам долбоорду жалпысынан колдошкону менен каршы добуш беришкен. Ага документтеги каталар себеп болгонун билдиришти. 

Молдонун туугандары да жоопко тартылабы?

"Мыйзам долбоордун орусчасын окуп колдоого даяр болдум. Бирок кыргызчасы менен орусчасын салыштыра келгенде такыр башка маанини берип калып жатат. Тагыраагы, орусчасында өспүрүмдөрдүн ата-энеси жоопко тартылат деп жазылса, кыргызчасында молдонун туугандары жооп берет деген маанини берип калган. Долбоор лингвисттер тарабынан иштелип чыкса, колдоого даярмын", — деп билдирди Аманкулов.

Депутат Галина Скрипкина дагы документтеги калпыстыкка байланыштуу каршы добуш бергенин айтты. 

Кол кармашкан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда имамдар нике кыюу эрежелерин сактоону үйрөнүштү
"Мамлекеттик тилде жазылган мыйзамда молдонун туугандары жоопкерчиликке тартылары айтылат. Мындай маанидеги долбоорду мен кантип колдомок элем? Документти алдын ала жакшынакай кылып иштеп чыгуу керек да. Негизи сунушту колдойм, бирок ал туура жазылышы керек", — деп билдирди Скрипкина. 

Жыйынга катышпастан добуш берген депутаттар

Бир нече депутаттар каршы добуштарын беришкени менен добуш берүүгө өздөрү катышпаганы белгилүү болду. 

"Менин добушум каршы болуп калыптыр. Бирок мен залда жок болчумун. Аталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири болуп туруп кантип каршы чыкмак элем? Эртең кайра добушка коюлса сөзсүз колдойм", — деп билдирди "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев. 

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов дагы каршы добуш бергендердин арасында. Бирок анын жардамчысы депутат чет жерде командировкада жүргөнүн айтып, бүгүн эле мекенге кайтып келгенин билдирди. 

Каршы добуш берген КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Айнуру Алтыбаева техникалык катанын айынан добушу туура эмес берилип калганын айтты. Бирок негизинен мыйзам долбоорду колдой турганын белгиледи. 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов мыйзам долбоорду башынан эле колдобой келе жатканын белгиледи.

Эки жубай никесин каттоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда нике каттоонун расмий наркы бекитилди
"Молдолор эч качан бирөөнү мажбурлап нике окушкан эмес. Мындан улам жоопкерчиликке эки тараптын ата-энелерин тартуу керек экенин айтып келем. Анан дагы өспүрүм балдар сүйүшүп калып, кыздын боюна бүтүп калса ата-энелери акырын никелерин кыйдыртып коюшкан. Күнөөсү жок молдолор эмнеге камалуусу керек? Эгер жоопко тарта турган болсок ЗАГСтын милдетин муфтиятка өткөрүп берели", — деди Икрамов. 

Белгилей кетсек, мыйзам долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0