Жума күнү Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Жазылуу
Бишкек менен Ош шаарларында өткүн өтүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эртең, 27-май күнү Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, ал эми күндүз 23…35 градуска чейин жетет. Ал эми Ош шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 24…26 градуска чейин жылуу болот. 

Мында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0