ЖК жашы жете элек кыздар менен никелешүүгө каршы долбоорду колдобой койду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечитте намаз окуп жаткан адам. Архив
Мечитте намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган долбоордо 18 жашка жете элек өспүрүмдөр менен никеге турган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку кеңеш жашы жете элек өспүрүмдөр менен никеге турууга каршы багытталган мыйзам долбоорун колдобой койду.

Клавиатура. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК терроризмди жайылткан сайттарды соттун чечимисиз эле жабууга уруксат берди
Депутат Аида Салянованын Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеси парламентте бейшемби күнү каралды.

Ага ылайык, жашы жете электердин никелешүүсүнө тыюу салынган. 

Салянованын айтымында, жашы жете элек кыздар менен никелешүүгө бөгөт коюу алардын эркек тараптан зордук-зомбулукка кабылышынын алдын алмак. 

Мыйзам долбоордо өспүрүм менен никеге турган жаранды үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Долбоор депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0