ЮНИСЕФ: мектептеги гигиенаны сактоо үчүн ар бир окуучуга 7 сом бөлүнөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОбед алдында колун жууп жаткан окуучулар. Архив
Обед алдында колун жууп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсептөөлөргө ылайык мектептердеги гигиена менен санитардык абалды жакшыртуу үчүн жылына ар бир окуучу үчүн 280 сом бөлүнүүсү керек.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Мектептердеги балдардын гигиенасына каражат бөлүнбөйт деле. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин суу, санитардык жана гигиеналык программасынын координатору Эсен Турусбеков "КРдеги балдардын абалы" атттуу анализдин бет ачарында билдирди.

Турусбековдун айтымына караганда изилдөө иштери 54 мектепте жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыктары балдардын 18 пайызы гана колдорун жууй турганын көрсөткөн. 

Адис ар бир окуучу үчүн жылына суу менен самынга 280 сомдон бөлүнүүсү керек экенин белгиледи. 

"Биз мамлекет мектептердин санитардык жана гигиеналык абалына канча каражат бөлөрүнө кызыгып көрдүк. Көрсө, бул боюнча өзүнчө берене жок экен. "Башка чыгымдар" деген берене бар экен. Анын бөлүштүрүлүшүн мектеп директору өзү чечет. Ал эми анын суммасы ар бир окуучу үчүн жети гана сомду түзөт. Бул сумма дагы толук түрдө эмес, маал-маалы менен которулат экен", — деп билдирди Турусбеков. 

Адис мындай маалыматтан кийин көпчүлүк ата-энелер балдардын тазалыгы үчүн өздөрү каражат бөлө баштаганын кошумчалай кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0