ЮНИСЕФ: КРде балдар өлүмү азайып, билим алуу жеткиликтүү болуп калды

Жазылуу
Бала өлүмүн кыскартуу менен Кыргызстан Миңжылдыкты өнүктүрүү максатына жетти. Мындан тышкары, дагы бир катар көрсөткүчтөр ишке ашырылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстанда бала өлүмү азайып, билим алуу жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин "Кыргызстандагы балдарды абалы" аттуу анализинде айтылат.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан бир катар жакшы көрсөткүчтөргө жете алган.

"Бала өлүмүн азайтуудагы жетишкендиктер айгине болуп турат — 2006-жылы миң баланын 38и чарчап калса, 2014-жылы бул сан 24тү түзгөн. Бул Миңжылдыкты өнүктүрүү максаттарынын бири болуп саналат", — деп айтылат анализде.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуонун маалыматында балдар үчүн бериле турган жөлөк пулдун көлөмү 5 эсеге көбөйүп, жакырчылык 2010-жылдан 2014-жылга чейин 7 пайыздан 2 пайызга чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары, мектепке чейинки билим алуунун жеткиликтүүлүгү жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0