03:45 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Клавиатура. Архив

ЖК терроризмди жайылткан сайттарды соттун чечимисиз эле жабууга уруксат берди

© flickr.com / John Lodder
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Баракчаларга чектөө киргизүү өлкө аймагындагы провайдерлер тарабынан ишке ашат. Ал эми провайдерлердин ишмердүүлүгү Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Экстремисттик жана террористтик идеяларды таратууга шектелген интернет баракчаларын соттун чечимин күтпөстөн убактылуу жаап салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоп берди. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлиги парламентке "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан.

Кабыл алынган мыйзам долбоору экстремисттик жана террористтик маанайдагы материалдарды чагылдырууга шектелген интернет баракчаларын соттун уруксатысыз жаап салууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок иликтөө иштеринен кийин соттун чечими шектүү баракчаларды актай турган болсо, баракчага коюлган блок кайрадан алынат. 

Маалыматка караганда шектүү сайттарды Башкы прокуратура аныктап калса, ал баракчалар 3-5 күндүн ичинде жабылат. 

Баракчаларга чектөө киргизүү өлкө аймагындагы провайдерлер тарабынан ишке ашат. Ал эми провайдерлердин ишмердүүлүгү Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат. Эгер сот баракчаны чектөө керек деген чечим чыгарса, провайдер ээлери аны аткарууга милдеттүү болушат. Себеби, алар лицензия алып жатканда КРдин мыйзамдарын жана чечимдерин аткарууга милдеттендирген документке кол коюшкан.

Ал эми шектүү баракчалар "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамдын биринчи беренесинде көрсөтүлгөн тогуз критерийдин негизинде (расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга ж.б.) аныкталат. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тема боюнча

ЖКга жаңылып келген министрдин орун басары, экстремизмге каршы күрөшүүнүн жаңы жолу
Белгилер:
мыйзам, интернет, терроризм, экстремизм, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ