Эртең Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү майрамын белгилейт

Жазылуу
Салтанатта бир катар аскер кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эртең Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Бул туурасында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты.

Курман болгон аскердин берети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай турмушта курман болгон аскер кызматкерлери
Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп, ага Коргоо кеңешинин, парламенттин, өкмөттүн мүчөлөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Салтанатта бир катар аскер кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылып, "Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы" деп аталган көргөзмө уюштурулат. Салтанатка чакырылгандарга Армиянын борбордук үйүнүн чыгармачыл тобу чоң программадагы концерт тартуулайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0