БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгечи депутат Дастан Бекешов билдирди.
Анын айтымында, сунушка ылайык уюмдун отчет берүү механизми өзгөртүлөт.
"Долбоор коммерциялык эмес уюмдун ар бир мүчөсүнө каржы жана башка отчеттерду алууга укук берет", — деди депутат.
Ал өткөн аптада Жогорку Кеңеште колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоордон такыр башка экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунда алардын кайсыл булактан каржы алып жатканы көрсөтүлүүсү керек эле. Ал эми бул мыйзам долбоорунда отчет алуу укугу уюмдун мүчөлөрүнө гана берилет. Эгерде жетекчилик отчет бербесе, мүчө сотко кайрылууга укуктуу.