Кыргызстанда малды каттоо башталды

Жазылуу
Малды идентификациялоо процесси айыл чарба продукциясын экспорттоодогу эл аралык стандарттарды сактоо максатында жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда малды каттоо башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда 2,2 миллион долларга тийиштүү жабдуунун 500 комплектиси сатып алынган. Мындан тышкары, 500 миң долларга компьютердик программа иштелип чыккан.

"Атайы жабдуу менен бардык айыл өкмөттөр камсыздалат. Бүгүнкү күндө малды каттоо Кара-Буура, Ысык-Ата жана Ноокат райондорунда өтүп жатат. Ал эми учурда компьютерлер менен смартфондордон турган жабдуулар бардык аймактарга жөнөтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, малды идентификациялоо айыл чарба продукциясын экспорттоодогу эл аралык стандарттарды сактоо максатында жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0