Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAКол чатырчан адам. Архив
Кол чатырчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Исфанада сел көпүрөнү алып, бодо малды агызып кетти
Муну менен бирге 27-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

24-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас облустарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Эртең, 24-майда Бишкек шаарында жаан жаашы ыктымал. Күндүз аба ырайы 25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0